Быйыл Кыргызстандын ИДПсы дээрлик 1,4 триллион сомго жетти
2026-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоо боюнча 1 триллион 396 миллиард 798,8 миллион сомду түздү. 2025-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу ал 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.